❓Биз курстарыбызды эмнеге токтотуп жатабыз?
✅
Кыскача жооп айта турган болсом, биз АйТи курс эмеспиз, биз АйТи компаниябыз!
📌 Негизи эле биз башында АйТи компания ачып жатканыбызда, максатыбыз элибизге пайдалуу болгон бир мобилдик колдонмо иштеп чыгуу болгон.
📌 Бирок, тилекке каршы, андай колдонмону иштеп чыгуу үчүн, биринчиден чоң каражат керек экен, экинчиден мыкты билим жана тажрыйба, үчүнчүдөн жакшы команда, анан албетте убакыт керек экен.
📌 Бизде бул саналган нерселердин эч бири жок эле.
📌 Эң башта өзүм окуп билим алдым, жалгыз эле кыйратып колдонмо жасап салам го дегем. 😊 Жалгыз дарак токой болбойт демекчи, жалгыз жарыта албасымды түшүнүп команда топтоону максат кылдым.
📌 Мыкты команда топтоо үчүн деле көп акча керек экен, андай акчам жок болгондуктан, биз ишкерлигибиздин 2-баскычы катары курс ачтык. Курсту деле биз элге окшоп реклама кылып, абдан көп акча табалы деп максат кылган жокпуз. Чындап үйрөнөм, програмчы болом деген дарамети бар тааныштарыбызды гана окуттук.
📌 Азыр бизде сонун команда бар, убакыт бар, Кудай буюрса анча-мынча акчабыз дагы бар, эми 3-баскычка убакыт келип жетти.
📌 Биз эми Кудай буюрса өлкөбүздүн өнүгүүсүнө, мектеп окуучуларынын билимин өз алдынча тереңдетүүгө салым кошо турган сонун платформа иштеп чыгабыз.
📌 Мына ушул себептерден улам курсту жыйынтыктап жатабыз.
Акыркы потоктун курсу 2-сентябрда башталат. Балким кийин деле биздин курстарга кызыккан адамдар болсо, жаздырылган гана сабактарыбызды сатышыбыз мүмкүн, атайын курс кылбайбыз. Биз курс эмеспиз, биз АйТи компаниябыз.
Урматтуу окурманым, келиңиз ар күнү өзүңүздү өнүктүрүңүз, өлкөнүн өнүгүүсүнө салым кошуңуз. Албетте мен постторумду жазып турам, АйТи ге шыктандыра берем, бирок эми курс кылбайбыз!
✍🏻
Турат Алыбаев, агартуучу, програмчы. Бишкек шаары, 28-август, 2024-жыл.
#turatalybaev #тураталыбаев #айтиойлор #айтикурс #мобилдиктиркеме
#flutter_kyrgyz
#flutter
#online_course
#программист
#онлайн_курс
#флаттер
#мобилдик_тиркеме
#appitcompany
#кыргызстан #бишкек #ош #нарын #чүй #талас #баткен #ысык_көл #жалал_абад #токмок #кочкор #germany #hannover