cookie

We use cookies to improve your browsing experience. By clicking «Accept all», you agree to the use of cookies.

avatar

Сүйүү саптары. Поэзия.

"Жыргалда жашабаган таза сүйүү, Ырларда жашаганын баары билет!" Элмирбек Иманалиев🖋 сиз издеген сүйүү ырлары бизде! Реклама жана кызматташуу боюнча👇 @UlukbekTalkanbaev @erkinbek_kyzy_meerim @Dal_oshol_Bakai жазыңыз

Show more
Advertising posts
6 612
Subscribers
+424 hours
+727 days
+29430 days

Data loading in progress...

Subscriber growth rate

Data loading in progress...

Мүнөзүң бар жанга жагым, алпейим, Жете албадым баркыңа да анчейин. Сагынаарым, сагынычым жан эркем, Карып барат сапарыбыз кантейин. Байырлапсың жүрөгүмдүн түпкүрүн, Көбөйүүдө күндөн күнгө үшкүрүүм. Сенде билбейм, менде болсо алсыздап, Калбай барат мурункудай күч бүгүн. Айлуу түндө маңдайыма тамат шам, Кербен болдум дареги жок бараткан. Туталантпай экөөбүзгө ар дайым, Жакшы күндү тартуу кылсын жараткан... *МАЛИК НАЗАРМАТОВ*!!!
Show all...
13🔥 4
Алсыз турган калемиме жан кирди, Учу курчуп, баштап турат жазууну. Антын берди сага гана, ашыгым, "Каалаймын"- деп ырым арнап жагууну. Кубанычка толуп турат кабагым, Кудум сенин сүрөттөгү күлкүңдөй. Кубалашып кыялдарым бир-бирден, Кучагыңа агып барат күн-түндөй. Жаным эргип, ич-ичимден шаңдуумун, Жазган болсоң жымыңдаган бир сүйлөм. Телефонду кое салам бетиме, Быйтыкчаны жиберсең сен жүз сүйгөн. Абдурашит. ( көчүрүүгө болбойт🙂)
Show all...
👍 15 1
Ушуга окшоп; ТУРМУШ Менин сүйүүм тиргиликке алмашып, Түйшүк каптап, аруулукту чаң басып, Бир кездерде гүл ташыган колдорум, Жүрөт бүгүн май ташып да, нан ташып. Сенин болсо ишке ашпай миң арзууң, Кино, концерт, театрга кумарсың. Көптү күтүп мага жубай болду элең, Көп нерсеге үлгүрө албай турам чын. Башын ийбей турмуштагы жадыбал, Экөөбүздө бирдей эле акыбал. Ууртубуздан өтпөй калат көп ирет, Турмуш бизге чылап берген татымал. Азыркыңа болбой анан ыраазы, Дале менден гүл күтөсүң кыязы. Шылып жатат гүлгө деген тыйынды, Базарчынын картөшкөсү, пиязы. Сенин деле сезимиң бар аялдык, Менин деле милдетим бар адамдык. Жашайлычы түшүнүшүп, сүйүшүп, Биз экөөбүз ошентүүгө жаралдык. ЖОЛБОЛДУ СУЛТАНБЕК УУЛУ
Show all...
8👍 6
Ушуга окшоп; ТУРМУШ Менин сүйүүм тиргиликке алмашып, Түйшүк каптап, аруулукту чаң басып, Бир кездерде гүл ташыган колдорум, Жүрөт бүгүн май ташып да, нан ташып. Сенин болсо ишке ашпай миң арзууң, Кино, концерт, театрга кумарсың. Көптү күтүп мага жубай болду элең, Көп нерсеге үлгүрө албай турам чын. Башын ийбей турмуштагы жадыбал, Экөөбүздө бирдей эле акыбал. Ууртубуздан өтпөй калат көп ирет, Турмуш бизге чылап берген татымал. Азыркыңа болбой анан ыраазы, Дале менден гүл күтөсүң кыязы. Шылып жатат гүлгө деген тыйынды, Базарчынын картөшкөсү, пиязы. Сенин деле сезимиң бар аялдык, Менин деле милдетим бар адамдык. Жашайлычы түшүнүшүп, сүйүшүп, Биз экөөбүз ошентүүгө жаралдык. ЖОЛБОЛДУ СУЛТАНБЕК УУЛУ
Show all...
👍 8 3🔥 1
СӨЗСҮЗ ОКУҢУЗ!!! Урматтуу жаш акындар! Ырлардын комментарий бөлүмүнө ыр жиберүүнү токтотуңуздар! Ыр жибергиси келген акындар, личкага алып келиңиздер! Комментарий бөлүмүнө жазылган ырлар өчүрүлөт!
Show all...
👍 5🔥 1
Кездер болгон башка капа үйүлгөн, Кездер болгон бардыгынан түңүлгөн. Таңды тостум сен жашаган дүйнөдө, Тагдырыма ыраазымын бүгүн мен. Ооба, мендей бактылуунун тагдыры, агарган таң, жаздын таза жамгыры. Жылуу жумшак не урунса жүрөккө, Сен, сен болуп сезилүүдө бардыгы. Жан секетим, Күнүм алыс, жакыным, жүрөгүмө бийлик кылып жашырын. ыроолодуң мага сонун ааламды, ырдаттырган, ыр жаздырган асылым...     - Элмирбек Иманалиев
Show all...
31👍 3❤‍🔥 1
*  *  * Качандыр бир, жансыз ойго суралбай, Кайгы келсе - кайгыны да туялбай. Арбап турган арман болсо бу үнүң, Арманга да барам, билем кыялбай. ...Сезбейсиң, о, илеби жок сезимди, Ооруп анан чүнчүп турган кезимди. Өзгө эмес, өзүм гана билемин, Өзгөрүүсүз ар бир баткан кечимди… Тон бычаарсың жалгыз ойдо калганда, "Тоңгон жан" деп басып жүргөн жалганда. А мен болсо өз сүйүүмө камалган, Айыпкермин эч айыпсыз таңдарга. Бар болгону көрүнбөгөн бир сүйүү, Батып кеткен Күндү тиктеп бир күйүү. Күйсөм күйдүм... Күлүм калса ал бакыт, Күлүм калса – тирүүлүктө мен тирүү. Күйсөм күйдүм, күлүм калса ал бакыт, Күлүм калса, тирүүлүктө мен тирүү. Нурзат Мокенова
Show all...
12👍 2
#Нускайым_МАНКУШЕВА *  *  * Сары жорго токуп минет сагыныч, Сага барчу жолду торойт таарыныч. Күтүү менен таңдар атат, кеч кирет, Күмөн саноом күм-жам болуп эскирет. Жүрөк күйүп чокко, күлгө айланган, Жүгөнү жок бир өзүңө байланган. Аалам баткан мейкиндике сыйбадым, Алтын сөздүн берметтерин жыйнадым. Жакшы адамдар менден көптү күтүштү, Жан дүйнөмдү жалгыз сөзүң үшүттү. Эми күтпөйм, кездешүүгө акың жок, Эргип сага ыр арначу акын жок.
Show all...
18👍 5🔥 3
Жакпай калдым. Сага деген жүрөгүмө куса толду, Акыл жетпейт кантип, качан пайда болду? Сабалап, эх, санааларым алыс учуп, Сени эңсеп асмандагы айга конду. Сенсиз сезим, сезим эмес туюлат, Сенсиз калып көздөн жашым куюлат. Секетим деп жүрөр күнүм келгиче, Кеттиң менин жан-дүйнөмө ый улап. Издейм дале, эмне себеп мынчага? Жакпай калдым, айтчы неге мен сага? Жакшы көрүп, эркелетчүм өзгөчөм, Жашый берем, каптай берет миң санаа. Арнасам да ширин сөзүм түгөтпөй, Арылууну каалап салдың жыл өтпөй. Барам дечүм алыстардан өзүңө, Бар ойлорум койду мени түнөтпөй. Бактылуу бол, каалайм сага жаксышын, А, мен дагы жүрөм далай күн өтпөй. 11.09.2024. Абдурашит.
Show all...
16👍 6❤‍🔥 4
Жаратуучу угат бардык каалоону, Жаратылган чын ниеттен кайрылса. Тилегеним, жарым болор адамым, Апам сымал кыш күнүмдү жай кылса. Сражидин уулу Абдурашит.
Show all...
👍 23 13🔥 3👏 2
Choose a Different Plan

Your current plan allows analytics for only 5 channels. To get more, please choose a different plan.