cookie

We use cookies to improve your browsing experience. By clicking «Accept all», you agree to the use of cookies.

avatar

Menin okuyam 🫀

Бу᧘ ⲙᥱнᥙн жᥱκᥱ κᥲнᥲ᧘ыⲙ. Бу᧘ жᥲκᴛᥲ-κᥱңᥱɯ,ⲙ᧐ᴛᥙʙᥲцᥙя,᧐ᥔ᧘᧐ρ,κᥙᴛᥱᥰᴛᥱρ, ᧐κуя᧘ᥲρ δ᧐᧘ⲙ᧐κчу.💫

Show more
Advertising posts
517
Subscribers
+224 hours
-37 days
-1130 days

Data loading in progress...

Subscriber growth rate

Data loading in progress...

Апам: Эртең бирөөнүн үйүнө барасың, иш кылып үйрөн дейт) Анан мен: Мен бирөөнүн үйүнө барбайм, өзүмдүн үйүмө барам десем, апамдан баштап эжемдер да аябай күлүп таң калышат. Сиңдим: Ошондо биздин үй сенин үйүң эмесби ? Мен: Ой менин үйүм, болгону бул үйдө жарым өмүрүм, болочок үйүмдө жарым өмүрүм өтөт, анан кантип ошол үйдү бирөөнүн үйү деймин десем түшүнүп анан макул дейт. Мага ушул сыяктуу сөздөр жакпайт, кыз балага кичинекей кезинен "бирөөнүн үйүнө барасың" "кулдай иш кыласың" деген түшүнүктү сиңирип чоңойтушканы. Анын ордуна: Бирөөнүн үйүнө эмес> болочокто өзүңдүн үй-бүлөң болот, ал үй-бүлөнү өзүңдүн үй-бүлөңдөй көрүү менен бактылуу болосуң, жолдошуңдун ыраазычылыгына жетесиң, Аллахтын ыраазычылыгы үчүн ата-энеңерге кызмат кылып не деген сооп тапсаңар болот, ошондуктан азыртан ал нерсеге даярдан кызым. ( Деп түшүндүргөн туураго дейм) Кул болосуң эмес> Пайгамбарыбыз (с.а.в) мындай деген: "Ата-энеге кылынган жакшылык, намаздан, садака, ажылык, умра жана Алла жолунда күрөшүүдөн дагы жогору турат." Андыктан аларды ыраазычылыгын алганды көздөп, кызматтарын чын дилден аткар кызым. ( деп түшүндүргөн туураго дейм) Анан бирөөнүн үйүндө адам 1-2 күн турат, бирөөнүн ата-энесине кызмат турсун жакшы сөзүн айайт адамдар, ошого да "бирөөнүн" деген сөз мага такыр жакпайт. Адам : Өзүнүн үйүндө, өзүнүн ата-энесине эч качан жаман сүйлөбөйт, даамсыз тамак кылып бербейт, кызматтарынан качпайт. Ошондуктаан: Ар бир кызга өзүнүн болочок үйүнө, болочок ата-энесине өзүнүн алтындай кызы болуп барганды каалайм.🥰 Бирөөнүн үйүнө барасың иш кылганды үйрөн деген сөз айтылса, мага окшоп өзүмдүн үйүмө барам деп өзүңөрдөн окууңарды уланта бергиле😂😊
Show all...
4🤝 3💯 2
Айылда жүргөндө жаза алган эмесмин көп темада, анткени, айылдагы кээ бир түшүнүктөр мени басынтып жатты... Эми ошол темаларды жазайын, айылдын кыздарына мотивация болсун🫰
Show all...
👍 1
Анан окуяларымды сагындыңыздарбы жазып бөлүшөйүнбү?🦥 (Зеригип жатам жазганга, эгер окуй турган адамдар болсо жазайын🫶)Anonymous voting
  • Ооба
  • Жок
0 votes
Адам өскөн сайын баары бир өзгөрөт жакшы жака же жаман жака. Эч ойлогон эмесмин бара-бара бир сөздөн калган, жаман сүйлөгөндөргө жылмая алган, иш кылганда Аллахтын ыраазычылыгын көздөп, кандай иш болбосун сүйүү мн аткара алган адам боло аламын деп. (Дагы деле бул жолдомун) Ойлойт элем мурун: мага сүйлөгөнгө өзүнө жараша жооп берип отургузуп койгондо мен күчтүү боломун деп, иштен качып башка бирөөнү кылдырып койгондо өзүмдү кыйын сезип кетчү экенмин, мага кандай мамиле жасашса ошондой мамиле жасасам айланамдагылар мага жакшы мамиле кылат деп ойлойт экенмин айтор ушундай ой жүгүртчү экенмин мурун:) Азыр бүт нерсени осознанно кылып баштадым, мурун толук бир нерсени ойлонуп, аягына чыкпай шашчумун, азыр болсо күткөндү да үйрөнүп жатам, бир иштин түпкү маанисине жеткенге аракет кылып, сабр кылганга көнүп жатам. Бул нерсени эмнеге айтып жатам, адамда тандоо, убакыт, акыл бар эмесби, ушул нерселерге маани берсек "өсүп келе жаткан менди" байкап, анализдей алабыз. Анан шашпаганды да сунуштайм, мурун мен көрүп суктанган кыздарды көрүп (неге мен ушундай кыз эмесмин деп кейийт элем мурун) азыр алардан жуктубу же чынында ошолорго окшош адам болууну кааладымбы билбейм. Бирок, негизгиси өзүм каалаган адам болуу жолуна түшө алганыма сүйүнүп жашап жаткан мезгилим учурда.✨
Show all...
2👍 1
Кечээ домдун астында бир кичинкей кыз ойноп жаткан, анан атасы келип, кызын алып ойнотуп баштады, аны көрүп атаң болгону кандай жакшы дедим эле ичимден) Атам каза болгонуна бир жылдан ашкан болсо да 1 гана жолу түшүмө кирген болчу, бүгүн да түшүмдө көрдүм... Ушунча сагыныпмын, атамды карап кучактап ыйлай берипмин, кийин ойгонсом көздөрүм жаш, түшүмдө ыйласамда көз жашым оңумда чыгыптыр көзүмдөн... Ойгонгондон кийин да көз жашым тыйылбады, түшүмдө: атамды сагынганыма ыйласам, оңумда: түшүмдө болсо да атамды көргөнүмө сүйүнүп көз жашымды тыя албадым... Чыныгы жакшы көрүү балким ушулдур, жакшы көргөн адамыңды түшүңдө көрсөң да кубанып бактылуу болуу... Атасы барларга айтат болчумун, бирөөлөр атасын түшүндө көрүүгө зар, а сенин атаң барда оңуңда көрүп бактылуу болуп ал деп... PS: Бирөөнүн оорусун бирөө сезе албайт, ошон үчүнда бирөө айткан акылды уга албайбыз, башыбызга келгенде гана түшүнүп жетебиз, бирок, анда кеч болуп калат) Аллахым ата-энелерибиздин өмүрүн узун, берекелүү кылсын. Өтүп кеткен жакындарыбыздын жайын жаннаттан кылсын🤲 #meninokuyam
Show all...
12👍 1
Түгөнгүс түйшүктөрдүн чордонуна түшүп алып, түшүнбөй жашынабыз ары качып, бери качып:)
Show all...
👍 1
Мен эч качан өзүмдүн мынчалык алсыз экенимди сезинбегенмин... Бир сөзгө ооруп калып, бир сөзгө ыйлап кала турганчалык алсыз экенмин көрсө. Мен мурун көз жаш деген адамдан чыгып туруусу керек деп ойлосом, азыр көз жаш жакын адамдарыңдын жанында көп чыкканы туура эмес экенине ынанып жатат, бирок, антейин десем эң көп көздөн жаш чыгарган бүлар жакындарың болот экен...
Show all...
👍 4
Мен эч качан өзүмдүн мынчалык алсыз экенимди сезинбегенмин... Бир сөзгө ооруп калып, бир сөзгө ыйлап кала турганчалык алсыз экенмин көрсө. Мен мурун көз жаш деген адамдан чыгып туруусу керек деп ойлосом, азыр көз жаш жакын адамдарыңдын жанында көп чыкканы туура эмес экенине ынанып жатат, бирок, антейин десем эң көп көздөн жаш чыгарган бүлар жакындарың болот экен...
Show all...
Бир өмүр көргөн эже айткан экен: Өмүрлөш тандоодон адашсаң, төлөмү өз өмүрүң болот деп.🍃
Show all...
👍 2
Баары - бүттү деген жерден башталат.🙌
Show all...
💯 4👍 1
Choose a Different Plan

Your current plan allows analytics for only 5 channels. To get more, please choose a different plan.