cookie

We use cookies to improve your browsing experience. By clicking «Accept all», you agree to the use of cookies.

avatar

КҮНДӨЛҮК

Өзүмө кат. жөнөкөй бир адамдын ойлору...💭 Жарнама боюнча✉ : @lillerini

Show more
Advertising posts
5 246
Subscribers
-1624 hours
-497 days
-5330 days

Data loading in progress...

Subscriber growth rate

Data loading in progress...

Photo unavailableShow in Telegram
❤️ Чубак ажы Устазыбыз айткандай бутка тургандай силер эмне инвалидсинерби? Эртерээк уйлонуп, озунчо мамлекет болуп, кызыктуу кундорду откоруп жубайынар менен жашагыла.Омур ансызда аз, билбейм эмнени кутуп журосунор. Жигиттер Тормозбек болбой биринчи кадамды таштагыла, айымдар озунор учун да убакыт болуп, оз тенинерди тапкыла.Бизге жазып,заявканарды калтырсанар силерге тугой тапканы жардам беребиз. Анкетанызды чыгартуу учун @Alinkaa_312
Show all...
👍 3
Таанышам, уй було курам♥️
Суйктуум жубумду издейм🕊️
Достук мамиледе👥
00:14
Video unavailableShow in Telegram
кечки 🇹🇷
Show all...
2.70 MB
Түркия 🇹🇷 Бир күндүн ичинде Түркиянын кайсы жеринде гана болбодук. Ушунчалык чарчаган экенбиз, самолёт учаары менен уйкуга кеттик.
Show all...
😍 14👍 4💔 2
Убакыт келди. Бул өлкөгө болгон сапарым да карыды. Европанын бардык өлкөсүн кыдырганга жетишпесем да, бир өлкөсүнө келип, эс алып, даамын татып кетип жатам. Менин эң эстен кеткис жайкы мезгилим болду: жаңы таанышуулар, жаңы өлкө, жаңы даамдар, жерлер, деги эле баары башкача, мурдагыдай мен көргөндөй эмес 🪐... Азыр болсо өзүмө кам көргөн нерселерди кылып отурамын, анткени узак жол күтүп турат... 🧖‍♀🧴🪞✨ Бул менин эң биринчи чет мамлекеттеги жашоом болду. Бары дагы алдыда. Эң биринчи "опыт" ушундай болсо, келечекте мындан дагы жакшы нерселер күтүп турганына шегим жок ✨. Курбум айткандай: "эң "жаманы" ушул болсун") Бардыгы үчүн Аллахыма чексиз шүгүр, эң жакшы маанайда, эң жакшы көз карашта жолго чыгым жатамын. Жолубуз жеңил болуп, Кыргызстанга аман-эсен, күлүп-жайнап жетип баралы✨ Ин Ша Аллах Аллахым Өзү жараткан кооз жерлерин - өз көзүбүз менен көрүүнү насип кылсын ❤️
Show all...
💘 15🕊 5😍 2👍 1
Чынымды айтайынбы? Сагындым. Мен атакемди сагындым. Ал адамымдын дүйнөдөн кайтканына туура 2 жыл 2 күн болду... Эч качан унутпаймын аны. Сүйүнсөм да, капа болсом да дайыма эстеп жүрөм. Өткөндө аябай ыйлагым келип уктап калганмын. Түшүмдө атакем келип алып мени кучактап алып ыйлап жатыптыр. Атамды бекем кучактап: -Ата, каякта жүрдүңүз? -Кызым, мага таарынба э? Мен учуп жүрөм. Азыр учуп кетемин? -Каякка кетесиз? Каякка учасыз? Мени таштап кетесизби? Биз эмне болобуз сиз жок Деп катуу ыйлап атыптырмын кучактап алып. Атамдын сырттагы иштен чарчап, кара тер агып келгенин сагындым. Атамды кучактап алып телевизор көргөн күндөрүмдү сагындым. Атам менин ийгилигиме кубанып, капалансам сооротуп, далыман сылаганын сагындым. Атамдын дайыма үйгө кирип келе жатып, бутун катуу үч жолу кагып киргенин сагындым. Атамдын биз менен кошо ойногонун сагындым. Атамдын мени "кызым го, кызым" деп эркелеткенин сагындым. Атамдын дайыма тамагымды мактап жегенин сагындым. Атамдын күлгөнүн, ыйлаганын жада калса бизге ачуусу келип кыйкырганын сагындым. Атамдын бышылдап уктаганын сагындым. Мен башка бөлмөдө болуп, атамдын уктаган үнүн уксам, кадимкидей уйкум келип, анан жанына барып жатып алып уктачумун. Ойгонсом атам үстүмдү жаап койчу. Бир жолу билем, оорун жүргөн кезинде шаарда болчу. Университеттен түштө келсем, атам уктап калыптыр. Карасам жаш баладай уктап жатат, такой невинный...Бөлмө муздак болуп, атамдын үстүн жылуу жаап койдум дагы, азыр мен дагы уктап алайынчы деп, жанына жатып, кантип бат эле уктап калганымды билбейм... Ойгонсом атам, үстүндөгү жылуу жуурканды мага жаап коюп, өзү бүрүшкөнчө телевизор көрүп жатыптыр🥺 Мага биринчи курсум өтө оор өттү. Ошондо атам ооруп, көп убакыт шаарда жүрүп калды. Анан сабактан келип, атамдын жанына жатып уктасам жан дүйнөм тынчтанып калчуудай сезилип, уктай эле берчүмүн. Улуу эжем эртең менен атама чай берейин десе ичпей, атакем мени күтчү экен. Мен келип чай даярдап берчүмүн. Бирок көзү өтөөрүнө чукул мени такыр эркелетпей калган. Азыр ойлосом ошондо эле мени көндүрүптүр. Мен жокто кыйналбасын деген окшойт... Анан дагы мен студент болгондо айылга көп келе берчүмүн. Атам кечке мени "качан келесиң,кызьым" деп сурай берчү. Келип эс алып. Кайра кетем деген күнү атамдын маанайы түшүп жүрчү. Коштошчу убакыт келгенде көздөрү жаш баланыкындай жашылданып, ыйлаган бойдон калчу. Мен дагы атама "ата мен бат эле келем э? Ыйлабаңыз " деп коюп, автобуска отураарым менен ыйлап алып кетчүмүн... Ар бир үйдүн "атасынын кызы" бар, мен дагы ошолордун катарын толуктаймын) Кийин бир туугандарым кагып-силкип койгонун апам көрсө, "Ай койгула, тийишпей. Атасы тирилип келбесин. Байкуш кызым атасы жок кыйналды " деп тамаша аралаш, коргоп жүрдү. Ушундай... Эмнегедир туруп-туруп менден өткөн боорукер адам калбай калат. Кээде тескерисинче менден өткөн мерез адам жок. Бүгүн да үй бүлөөбүздө бир жүрөгүмдү ооруткан окуя болду. Алыста жүрүп, угуп алып, жүрөгүм ооруп, ичиме батпай ыйлап отурдум... Мен алсызмын... Бардыгын Аллахка тапшырамын. А атакем менен кезикчү күнүм али алдыда. Буюрса Кыргызстанга барсам, эртеси эле айылга кетем. Ал жактан жыт чыгарып, атакеме куран окуп, болгон убактымды апакеме арнап, мээримине тоюп келем. Ин Ша Аллах. Бул дүйнөдө ата-эне ыйлабасын, сыздабасын, балдарынын жакшылыгын эле көрүп, бактылуу карылыкта жашашсын. Аминь.
Show all...
💔 41👍 7💘 1
-Жүрү тетиги жерге барып, бутубузду сууга салып отура турбайлыбы? -Кеттик Шаарды айланып, керектүүлөрүбүздү сатып алып, үйгө жөө бара жатканбыз. Оң тарабым тоолор, а сол тарабым деңиз эле. Айланада адамдар жок, күн тийип, айланада сонун көрүнүш✨ Күндүн аптабында ысып кеттик дагы, жогорудагыдай чечимге келдик. Карасак деңиздин жээги бүт таштар экен, анткени ал жакка адамдар сууга түшпөйт, кум жок. Жанымдагы кыз бутуна жеңил бут кийим кийип алган эле, көп басабыз деп. А меники кеда болчу. Экөөбүз суу кечтик. Менин бутума таштар өтүп, оорутканынан жээкке чыгып отуруп алдым, ал кыз дагы эс алып отурду. Менин бутума таш өткөнүн көрүп, мага жеңил бут кийимин берип: -Ушуну кийип алып суудан кечсең сонун экен. Бутуңа таш өтпөйт. -Кечким келбей жатат эмнегедир -Ой кечсең эч нерсе болбойсуң, тескерисинче сергий түшөсүң. -Мейли) Кечип жатып бир маалда айттым: -Суунун тазалыгын көрүп, күндүн да ысыгынан ушул сууга чөмүлүп кетким келип жатат -Эртең сууга түшөлү э ? -Макул Бир маалда бутум тайгаланып жанагы жерге отуруп калсам болобу ?Жанымдагы кыз чочуп кетип, кыйкырып ийди. Үстүм суу болбосун деп, таянып калдым ырас. Ушунчалык каткырып жатам, боорум эзилип калып, араң суудан чыктым. Экөөбүз бири-бирибизди карап токтоно албай күлүп жатабыз😂 Кой курганайын деп анан жээкте жарым сааттан ашык отурдук. Жанымдагы кыз дайыма мени шаштыра берчү эле, унчукпай отурат. -Демейде шаштырган. Мени эмнеге антпей элесиң? -Тагдырга таң берип отурам сени күтүп -Кудайым ай😂! Тагдырыңа таң бериппи? -Ооба -Жаңы эле айттым эле го, ушу сууга чөмүлүп кетким келип жатам деп. Кудай Таала, "сразу" тилегимди кабыл кылып, отуруп калдым го😂?! -Анда мени да тилеп койчу, самолетуна жетишсин деп😅 -Макул, макул)) Ошентип эл ары бери өткөн жерде экөөбүз отурдук. Мен таштардын үстүндө такыр эле жатып алгам. Жанымдагы кыз бутун сууга салып, түркчө ырларды ырдап отурат. Айланада тынчтык, жээкке улам-улам толкундар келип урунат. Ушунчалык мээм эс алып, уйкум келип кетти... Кийимим ак болчу, артым сары, жашыл болуп кирдеп калыптыр таштардан жугуп. Анан калса үйгө да жете элек болчубуз. Дагы он беш-жыйырма мүнөт бассак жетмекпиз. Чала-була курганып алып анан үйгө келдик. Сумкабызды ачып карасак кымбат-кымбат алган шоколаддарыбыз бүт ээрип кетиптир( Бирок чын жүрөктөн күлүп, планда жок жерден аябай эс алып келдик) Ошол анан тилек тилегенде өтө эле кылдат болуш керек экен деп койдум🤭
Show all...
👍 2😍 1
https://t.me/saltanatstan катталып алыңыздар✨ Мындай форматтагы каналдарды маалыматтарды окуп, анализдеген өтө жагат. Анан дагы жаңы жазуучулугун баштап келе жаткан кыргыздын кызын кантип колдобой коёбуз😊?
Show all...
👍 1💘 1
Photo unavailableShow in Telegram
🌸СИЗДИН КӨЗҮҢҮЗДҮН ТҮСҮ КАНДАЙ❔😍✨
Show all...
👍 1
Көк💙
Жашыл💚
Сары💛
Күрөң🤎
Кара🖤
Боз🩶
Repost from N/a
«Мезгилсиз кайгым» 📖✍️
Show all...
🕊 1
Choose a Different Plan

Your current plan allows analytics for only 5 channels. To get more, please choose a different plan.