cookie

We use cookies to improve your browsing experience. By clicking «Accept all», you agree to the use of cookies.

avatar

Naryndyktar

📣Шаарыбыздагы акыркы окуялар 🌍 Дүйнө, искусство жана спорт жаңылыктары 📑Кызыктуу фактылар, долбоорлор 📽Окуяга жана Окуяга күбө болдуңуз беле бизге жөнөт 👀 @eldik_bloger 👨🏻‍💻

Show more
Advertising posts
1 103
Subscribers
-424 hours
-287 days
-3930 days

Data loading in progress...

Subscriber growth rate

Data loading in progress...

‼️Кыргызстанда 1-октябрдан тарта пенсионерлерге электрге кенемте төлөнбөйт Министрлер кабинетинин чечимине ылайык, 1-октябрдан тарта Кыргызстанда пенсия жогорулайт. Ошол эле учурда пенсионерлерге электр энергиясы үчүн компенсациялык төлөмдөр жокко чыгарылууда. Бул тууралуу Социалдык фонддун коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн башчысы Жеңишбек Мукамбетов 20-сентябрда "Биринчи радионун" эфиринде билдирди. Мукамбетов билдиргендей, төлөмдөр пенсиянын өлчөмүнө жараша каралып келген. Мисалы 2008-жылдан бери пенсиясы 2 миң сомдон ашпаган, 2009-жылдан бери пенсиясы 4 миң сомдон ашпагандар компенсация алышкан. "Бардык компенсациялар 1-октябрдан тартып жокко чыгат. Ошондуктан пенсияларды кайра эсептөөдө биз алгач пенсиянын өлчөмүнө жараша 200 сомдон 312 сомго чейин бул компенсацияларды алып салабыз", - деген Мукамбетов.
Show all...
00:44
Video unavailableShow in Telegram
❗️Жакшы кабар! Ысык-Көл облусунун Түп районунун борборундагы унаа жолдо асфальт төшөө иштери аяктады Бүгүн Балыкчы – Ананьево – Каракол жолу автотранспорт үчүн оңдоодон кийин ачылды.
Show all...
video_2024-09-20_20-00-13.mp43.99 MB
Photo unavailableShow in Telegram
🏘Бишкекте жыл аягына чейин 2 миңден ашык батир ипотекага берилет Бишкек шаарында быйыл жыл аягына чейин жарандарга ипатекага 2 184 батир берүү пландалууда. Бул тууралуу мамлекеттик ипотекалык компаниянын төрагасынын орун басары Нурадил Баясов 20-сентябрда Жогорку Кеңештин “Элдик” депутаттык тобунун жыйынында айтты. Анын сөзүнө караганда, Калык Акиев көчөсүндө салынып жаткан үйдөн 216, “Жал” кичи районунан 288, Скрябина көчөсүндө салынып жаткан турак жайдан 549, Маликов көчөсүнөн 986, Юдахин көчөсүнөн 81, “Тунгуч” кичи районунан 54, Анкара көчөсүнөн 10 батир берилет. Баясов Кыргызстанда ипотекалык үйлөрдү куруу үчүн жалпы 139 гектардан ашык жер бөлүнгөнүн, ушул тапта мамлекеттен ипотекага үй алуу үчүн 32 395 адам кезекте турганын кошумчалады. Алардын көбү Бишкек шаарында.
Show all...
00:48
Video unavailableShow in Telegram
Украиналык ыктыярчылар согуш жүрүп жаткан жерлерде ит-мышыкты сактайбыз деп өмүрүн тобокелге салууда. Эвакуацияда үй жаныбарларын кошо алып кетүү каралган эмес. Ал эми ыктыярчылар издеп тапкан жаныбарлар коопсуз жайга жеткирилет. Аларды кийин кожоюндары алып кеткиче баш калкалоочу жайда багылат.
Show all...
IMG_4045.MP49.41 MB
Photo unavailableShow in Telegram
Тарыхта калчу сүрөт. Кыргызстанда премьер-министр болгондор "Ынтымак ордого" чогулушту Бүгүн Кыргызстан баатыры Апас Жумагуловдун 90 жылдыгы белгиленүүдө. Апас Жумагулов өкмөттү 1993-1998-жылдар аралыгында башкарып, күчтүү премьер-министр болгон. Мааракенин урматына жаңы Ак үйгө буга чейин премьер-министр болгон бардык аткаминерлер чогулган.
Show all...
01:30
Video unavailableShow in Telegram
🔺Филармониянын алдына унаасын токтоткон айдоочуга айып пул салынды. Мындай видео менен Милициянын кайгуул кызматы бөлүштү.
Show all...
290467.mp413.70 MB
Photo unavailableShow in Telegram
Нарын шаарын кеңейтүү максатында Кара-Бүк участкасындагы 300 гектар жерге заманбап "Нарын-Ордо" аталышындагы эко-шаарча курулат Учурда долбоорлоо иштери жүрүп жатканы, бул Кыргызстандагы мега долбоорлордун бири болору айтылды. Мындан тышкары, "Нарын-Реновация" долбоору ишке ашырыла баштаганы маалым болду. Анын алкагында шаарга 9 кабаттуу ипотекалык турак жай курулуп, Ленин көчөсү оңдолуп, кеңейтиле баштады. Бир айдын ичинде “Теңир Тоо Сити” бизнес комплекси салына баштайт. Инвестициянын көлөмү 20 млн. доллардан ашат. Айтор, бул долбоордун арты менен Нарын шаары болуп көрбөгөндөй өзгөрөт.
Show all...
👍 1
Садыр Жапаровдун иниси Улан Жапаров үй камагына чыкты Мындай чечимди Биринчи май райондук соту чыгарды. Улан Жапаров президенттин атасынын бир тууган инисинин баласы Ракымжан Жапаровдун уулу. Ал биринчи ирет 2023-жылдын июнь айында бажычылар аралашкан мыйзамсыз ишке тиешеси болгон деп шектелип, кармалган. Төрт айдан кийин үй камагына чыгарылып, иши сотко өткөн. Экинчи ирет быйыл июлда ал бирөөнүн ишенимине кирип өзгөчө ири өлчөмдөгү суммага алдаган деп шектелип, кайрадан камалган эле.
Show all...
Photo unavailableShow in Telegram
Жалал-Абаддын тургуну атасына аш берчү акчага башка сооп иш жасады Тагыраагы, ал ашка деген акчага көчөнүн бир бөлүгүнө асфальт бастырганын Turmush басылмасы жазды Уланбек Ахматалиев аттуу тургундун атасы былтыр көз жумган. Туугандары менен ал быйыл аш берүүгө камынып, бирок апасынын кеңеши менен акчасын пайдалуу ишке салган. Бул үй-бүлө эки айылды бириктирип турган жолдун бир бөлүгүнө асфальттоого 500 миң сом сарптаган.
Show all...
00:23
Video unavailableShow in Telegram
Кутман таң, жакшылар! Бүгүн өлкөнүн тоолуу райондорунда жаан жаашы мүмкүн. Абанын температурасы Чүйдө 22…27, Талас облусунда 19…24, Нарын өрөөнүндө 21…26, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында 26…31, Ысык-Көл жеринде 17…22 градус болот. Күндүн табы Бишкекте 25…27, Ош шаарында 29…31 градусту көрсөтөт. Жаз — жарыш, күз — күрөш. Талааларда эмгектенип жүргөн дыйкандардын мээнети кайтсын. Видео: @belekmusaevv
Show all...
Чөптү бүттүңөрбү анан @belekmusaevv.mp43.38 MB
Choose a Different Plan

Your current plan allows analytics for only 5 channels. To get more, please choose a different plan.