cookie

We use cookies to improve your browsing experience. By clicking «Accept all», you agree to the use of cookies.

avatar

Sputnik Кыргызстан — негизги жаңылыктар

Ыкчам жана актуалдуу жаңылыктар. https://www.sputnik.kg Комментарий калтыруу эрежелери: https://clck.ru/SsTod

Show more
Advertising posts
37 009
Subscribers
-19224 hours
+2457 days
+5 24330 days

Data loading in progress...

Subscriber growth rate

Data loading in progress...

Израиль Ливандын түштүгүнө сокку урду Алардын аба күчтөрүнүн учактары Бейруттун үстүнөн өтө төмөн бийиктикте учуп өтүштү. Израиль армиясы "Хезболла" тобунун мүмкүнчүлүктөрүн жана инфраструктурасын бузуу үчүн сокку уруп жатканын билдирди. @Sputnik_Kyrgyzstan_KG
Show all...
1.mp43.56 MB
4.mp45.01 MB
🤬 36😨 7😱 4😡 3👍 1
00:57
Video unavailableShow in Telegram
🇰🇬Москвадагы ВДНХ комплексинде кайрадан Кыргызстандын павильону ачылды. Ал жакта оңдоо иштери жүргөн. Иш-чарага президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев катышып, Россияга ыраазычылык билдирди. “Кыргызстан” павильонунан Москванын жашоочулары жана борбор калаанын коноктору азыркы Кыргызстандын каада-салттары, жетишкендиктери, ийгиликтери жөнүндө билип, ошондой эле улуттук маданиятыбыздын жана өзгөчөлүгүбүздүн ичине сүңгүп кире алышат”, — деди Туманбаев. Павильондо экспортко багытталган продукциялар көрсөтүлүп, Кыргызстандын тарыхы, маданияты жана жаратылышы жөнүндө маалымат берилет. @Sputnik_Kyrgyzstan_KG
Show all...
IMG_8415.MP44.98 MB
👍 25🔥 1💩 1
Photo unavailableShow in Telegram
Тарыхта калчу сүрөт. Кыргызстанда премьер-министр болгондор "Ынтымак ордого" чогулушту Бүгүн Кыргызстан баатыры Апас Жумагуловдун 90 жылдыгы белгиленүүдө. Апас Жумагулов өкмөттү 1993-1998-жылдар аралыгында башкарып, күчтүү премьер-министр болгон. Мааракенин урматына жаңы Ак үйгө буга чейин премьер-министр болгон бардык аткаминерлер чогулган. @Sputnik_Kyrgyzstan_KG
Show all...
😁 29🔥 12💩 12👎 8🤡 4
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Москвада балдарын мектепке киргизе албай жаткан мекендештер боюнча үн катты ТИМ Россиянын тиешелүү маморгандарына кат жөнөтүп, элчилик РФтин президенттик администрациясы менен кеңешмелерди өткөргөн. Мындан тышкары, элчилик бул көйгөйгө туш болгон кыргызстандыктар менен жолугуп, аларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү үчүн WhatsApp группасын түзгөн.
"Россия тарап балдарды мектептерге каттоо көйгөйү айрым билим берүү жайларында бош орундардын жоктугу менен түшүндүрдү. Маселе КР ТИМи менен элчиликтин тыкыр көзөмөлүндө. Учурда Россия тарап менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат”, — деп айтылат маалыматта.
2024-жылдын 18-сентябрына карата 224 кыргызстандык бала Москва шаары менен Москва облусундагы мектептерде кезек күтүүдө. @Sputnik_Kyrgyzstan_KG
Show all...
👍 7👏 2🤬 1
УКМК “Учкун” басмаканасы менен Бишкектеги патрулдук милиция кызматкерлеринин коррупциялык схемасын аныктады Маалыматта басмакананын отчеттуулук бланктарын чыгаруучу кызматкерлери административдик укук бузуулар жөнүндөгү протоколдордун дубликаттарын жасаганы айтылат. Дубликаттар патрулдук милициянын кызматкерлерине берилип турган. Алар мурда жазылып, кайра жок кылынган протоколдордун ордун толуктап турганын атайын кызмат билдирди. Коррупцияга тиешеси бар делген басмакананын эки адиси менен Бишкек ШИИБинин эки кызматкери кармалган. @Sputnik_Kyrgyzstan_KG
Show all...
👏 10👍 7
Photo unavailableShow in Telegram
❗️Санариптик өнүктүрүү министрлиги “Павел Дуров Кыргызстандын жарандыгын алды” деген сөздү четке какты Эске салсак, депутат Алишер Эрбаев өткөн аптада коомдо Telegram негиздөөчүсүнүн жарандык алгандыгы тууралуу айтылып жатканын билдирген эле. Ведомство Дуров КР жараны эместигин, Калкты тейлөө департаментинде ага жарандык берүү маселеси каралбагандыгын да билдирди. @Sputnik_Kyrgyzstan_KG
Show all...
🤣 21👍 2😁 1🤨 1
❗️Милиция кызматкерлерин видеого тартып, каралоо максатында аларды соцтармактарга жарыялоого тыюу салуу сунушталууда Депутат Сүйүн Өмүрзаков (мурда ИИМ башчысынын биринчи орун басары болгон) иштеп чыккан мыйзам долбооруна бул ирет Винера Раимбачаева, Алишер Эрбаев, Кундузбек Сулайманов жана Ырысбек Атажанов демилгелеш болуп, мыйзам долбоору жаңыланып чыккан. Авторлор мыйзамга баш ийбегени аз келгенсип ИИМдин милиционерин (аскер кызматкери) соцтармакта укук коргоо органдарын каралоо максатында видеого тартып алган жаранды 5-7 суткага камоо же 5000 сом айып пул салууну сунушташууда. Негиздемеде милиционерлер өз милдетин аткарып жатканы менен интернетте аларды коомчулукка уяткарып жаткан учурлар болгону айтылган. "Мындай аракеттер укук коргоо органдарынын кызматкерлерин гана эмес, бүтүндөй мамлекеттин аброюна доо кетирет", — деп жазылат документте. @Sputnik_Kyrgyzstan_KG
Show all...
👎 37👍 8👏 2😁 2
Мэрдин тапшырмасын аткарбагандар "жазаланууда" Буга чейин Бишкек мэри өз кызматкерлерине "шейшемби, бейшемби күндөрү автоунаа айдабай келгиле" деген. Бул тапшырманы 64 жетекчи жана кызматкер аткарбаганы аныкталып, аларга тартиптик чаралар көрүлгөнү айтылды. @Sputnik_Kyrgyzstan_KG
Show all...
👍 11👏 5💩 4
00:25
Video unavailableShow in Telegram
Патрулдук милиция видеодогу Lexus унаасынын айдоочусун издөөдө. Ал Бишкектеги Ибраимов көчөсүндөгү көпүрөнүн астынан жол эрежесин бир нече жолу одоно бузган. Видеодон айдоочу биринчи эреже бузуу менен артка кайрылып, андан кийин каршы тилке менен артты көздөй айдап кеткенин көрүүгө болот. Жалпы эрежеге баш ийбеген айдоочуга ири суммадагы эки айып салынары айтылды. @Sputnik_Kyrgyzstan_KG
Show all...
80.mp43.21 MB
👍 22🤣 10🤬 9😁 2🎃 2
Россия Көчмөндөр оюунун өткөрүү маселесин карап жатат. Бул тууралуу РФтин Улуттук жана олимпиадалык эмес спорттун түрлөрү боюнча комитетинин вице-президенти Игорь Павлюк билдирди. Анын айтымында, оюндарды өткөрүүгө уруксат алуудан мурун нормативдик маселелерди чечип алуу зарыл. V Көчмөндөр оюндары Астана өтүп, ага Россиянын курама командасы да катышкан. Ал эми кийинкиси 2026-жылы Кыргызстанда өтмөкчү. @Sputnik_Kyrgyzstan_KG
Show all...
👏 14👎 5👍 2
Choose a Different Plan

Your current plan allows analytics for only 5 channels. To get more, please choose a different plan.