Дил азык🌾
3 707
Subscribers
+1024 hours
+287 days
+4130 days
- Subscribers
- Post coverage
- ER - engagement ratio
Data loading in progress...
Subscriber growth rate
Data loading in progress...
– Жүрөгүңө суктанамын. Ажайып дүйнөң бар.
– Оо, айтасың да. Алла үчүн бир тамчы көз жаш чыгара албаган, катып калган жүрөгүмдү кантип мактаарымды да билбей турам.
с.Рустам Абилов
#Дилазык🌾😭 30😢 8💔 4❤🔥 2
“Жүзүңдөн нур чачырап турат ко” - деген сөздү уксаң жүрөгүң зырт эте түшөт. Элдерге нурлуу көрүнгөн ал жүздүн Алланын алдында канчалык кадыры бар?
с.Рустам Абилов
#Дилазык🌾🔥 21👏 8❤🔥 5🐳 1
Мүнөздөргө жалкоолукту коштук да,
Биз байкуштар жашоодобуз боштукта.
с.Рустам Абилов
#Дилазык🌾❤🔥 20😭 6🕊 5
Таң. Багымдаттан кайттык мечиттен. Бир нерсе алып алайын деп бир дүкөнгө кирсем спирттик ичимдиктер тизилип турат. Кызыгы дүкөндүн ээси калонкадан куран коюп, тазалык иштери менен алек болуп жатыптыр..🫥
Бир жолу базарда жүрсөм “Ясин” сүрөөсү угулуп калды. Үндүн кайсыл жактан чыгып жатканын издеп барсам, катарынан олтуруп алган төлгөөчү, бакшылар калонкаларына куранды коюп алып, алдыларында карта, сөөк, майда-чүйдөлөрү менен куф-суф кылып олтурушат..🫡
Телефондон христиан динин кабыл алган мусулмандарды көрүп калдым. Аларды чокундуруу церемониясында сууга “Бисмиллах” деп түшүп баратышты.😶
Жашоо кызык ээ.
с.Рустам Абилов
#Дилазык🌾
🌚 18😢 8🤯 2✍ 1
Аракет кыл:
Сүйүүң үчүн, сүйүүдө, сүйүү менен..
с.Рустам Абилов
#Дилазык🌾❤🔥 20🔥 3🕊 2
– Сен мага турмушка чыгасыңбы?
– Телефондон мындай сөздөрдү сүйлөшүүгө болбойт.
– “Сизге турмушка чыгам” - деп айтчы, жана эч качан таштап кетпейсиң..
– Келечектен мага бир нерсе айтыңызчы.
– Келечекте биз бир бүлөөбүз.
– Мындай келечек мага аябай жагат.
к.Рустам Абилов
#Дилазык🌾❤🔥 25🔥 6✍ 2
Биринчи эреже:
Бир адам пайда болуп, эмне үчүн сени менен булгусу келгенин дил баян кылып жазмайынча, жалгыздыкты жандап тур.
к.Рустам Абилов
#Дилазык🌾❤🔥 31🔥 3🕊 2✍ 1
Эгер сен мен жөнүндө жаман нерселерди айтууну кааласаң, анда мени да чакырып койчу. Мен сага андан да жаманыраактарын айтып берем.
к.Рустам Абилов
#Дилазык🌾🤣 30🔥 10👏 3
Жетимиш үч тайпанын жетимиш экиси тозоко, бирөөсү бейишке кирет деп айтылган хадисте. Кайсыл тайпадабыз? Ошончо көп тайпанын ичинен эң туура, бейишке кирүүчүсүн таба алабызбы?
😭 35🔥 3😱 2🕊 1
Сага арналган ырларым бар куржунда,
Келгениңде ичин ачып көрөрсүң.
Сагынычым сахарадай куураган,
Куржун ичин кезген кезде билерсиң.
Куурап жаткан сезимдерим багына,
Суудай болуп, шылдыр агып кирерсиң.
с.Рустам Абилов
#Дилазык🌾❤🔥 30🔥 9😭 7👏 6💔 2
Choose a Different Plan
Your current plan allows analytics for only 5 channels. To get more, please choose a different plan.