cookie

We use cookies to improve your browsing experience. By clicking «Accept all», you agree to the use of cookies.

avatar

Кыргыз Программист / АйТи адамдын канаты

Программалоо боюнча маалыматтар! Flutter боюнча, Web иштеп чыгуу боюнча, IT багыты тууралуу көптөгөн маалыматтар бул каналда Биз менен байланышыңыз: https://turatalybaev.taplink.ws

Show more
Advertising posts
1 335
Subscribers
-124 hours
-17 days
-430 days

Data loading in progress...

Subscriber growth rate

Data loading in progress...

🤔 Өрдөк синдрому деген эмне? ❓Ассалоому алейкум урматтуу окурманым амансызбы? Сиз өрдөк синдрому дегенди уктуңуз беле? Бул эмне билесизби? ✅ Жөнөкөй мисал менен айтып берейин. 📌 Жаш жубайлар үйүнөн чыгып жатат. Киного бармак болушту. Негизи ушунча иштин арасында, шаардын стресс жашоосунда жаш күйөө киного чын көңүлү менен баргысы келген эмес. Үйдөн чыкпай жатып лифттин жогору кетип калганына нерв болуп жатат, анысы аз келгенсип босогодо жасанып бүтпөй жаткан аялын жарым күткөнүнө нерв. Сыртка чыгып машинесин жылытканча эми шашып калган келинчегине жини келип, жолго чыкканда тыгында турган машинелерге нааразы. 📌 Бул шаардын ызы-чуусу менен аралашып отуруп, акыры киного да келишти, башынан маанайы жакшы болбогону үчүн, эмнегедир кинону дагы көргөндөй болушпады. Күйөөсү тандаган кино начар деп ойлоду аялы, “рекламасы жакшы болчу, начар эле кино экен” деп калды күйөө. 📌 Дал ушул учурда сиз үйдө жаман футболкаңызды кийип, жубайыңыз менен ысык чайды кана ичип, бактылуу отургансыз. Бирок дал ушул учурда колуңуз адаттагыдай эле телефонго кетти, эч жаман ой жок, көнүп калгандай эле инстаграмды ача салдыңыз. 📌 “Бүгүн бизде үй-бүлөлүк күн, жубайым менен киного келдик, кино укмуш болуптур” – деген сүрөткө көңүлүңүз түштү, колдо попкорн, аркада кинонун афишасы, тим эле жылмайган жүз. Сиздин жанатан берки жай баракат отурган бактыңыз, үйдөгү жылуу атмосфераңыз кадимкидей жоголду. “Досум кандай бактылуу, ал аялы менен кинодо жүрөт, жарашыктуу да кийинген” деп кайгыга баттыңыз. 📌 Урматтуу окурманым, мына ушул социалдык тармактагы жасалма жылаюуларды жасоо үчүн досуңуздун кылып жаткан аракети “өрдөк синдрому” деп аталат экен. Сизге бактылуудай көрүнгөн ушул 2 секунддук сүрөттү жасоо үчүн жашоосунун бардык тарабы бактысыз өтүп жаткан адамдардын жашоосу. Өрдөк суунун үстүндө канчалык тынч, канчалык көркөм көрүнсө да, адамдарга көрүнбөгөн тарапта, суунун алдында бар күчү менен тыбырчылап аракет кылууда. Соц тармактарда сизге бактылуу, сулуу көрүнгөн адамдар дагы кандай тыбырчылап, кандай кыйналып жатканын билгениңизде үйдө жаман футболкаңызды кийип, жай баракат отурган жашооңузга миң ирет шүгүр дейт элеңиз. ✅ Ар күнү өзүбүздү өнүктүрөлү, өлкөбүздүн өнүгүшүнө салым кошолу, өрдөк синдромуна кабылбайлы жана соц тармактагы бактылуу сүрөттөргө алданбайлы. ✍🏻 Турат Алыбаев, програмчы, агартуучу. Бишкек, 17-сентябрь, 2024-жыл.
Show all...

👍 5
🥳 IT клубга кабыл алуу жүрүп жатат. ✅ Ассалоому алейкум урматтуу окурманым. Буюрса АйТи клубду ачвп алдык. Орундар чектелүү. 📌 Front End боюнча 16-сентябрь; 📌 Flutter боюнча 17-сентябрь; 📌 Back End (Java) боюнча 18-сентябрь – күндөрү офиске келип, тапшырма алып жана интервьюга катышып кетсеңиздер болот. ✅ Алгач офисте ар бир адам менен жеке жолугуп, интервью кылып, анан тестовой тапшырма беребиз. 2-3 күн аралыгында тапшырманы аткарып келген адамды клубга мүчө катары алабыз, андан кийин 6 ай бою реалдуу проекттердин үстүндө код жаздырабыз. ✅ Клубда стажировка кылуу жалпы 6 ай убакыт алат, эгер 6 айга чейин жумуш таап кетсеңиз абдан кубанычтабыз, таппай калсаңыз уланта бересиз. Клубдун талаптарын аткарбай, жарымынан таштап койгондордун ордуна 3 айдан кийин гана жаңы мүчөлөрдү кабыл алабыз. ✅ Дагы да суроолоруңуз болсо жеке жазсаңыз болот же офиске келип суроолоруңузду берип, жооп алсаңыз болот. 👋🏻 Бул постту жумуш издеп жаткан досторуңузга жибериңиз, лайк басыңыз, комментарий калтырыңыз! Өзүңүздү өнүктүрүңүз, өлкөнүн өнүгүүсүнө салым кошуңуз! ✍🏻 Турат Алыбаев, програмчы, агартуучу. Бишкек 15-сентябрь, 2024-жыл.
Show all...

🔥 1
❓IT Club качан башталат? ✅ Ушул ишемби күнү 14-сентябрда саат 12:00 дө Горький 97 дарегине офиске келиңиздер. 📌 Ушул күнү сиздерде кандай суроолор болсо, бардыгына жооп беребиз.
Show all...

👍 1
🥳 IT Club ачтык! ✅ Ассалоому алейкум, урматтуу окурманым бизде абдан жакшы жаңылыктар бар. Акырындык менен курстарыбызды токтотуп, толугу менен разработка багытына өтүп жатабыз. ❓Мунун себеби эмне? ✅ Азыр АйТи окутуп жаткан курстар, жогорку окуу жайлар, колеждер толтура, бирок чыныгы адисти, жумуштун талабына ылайык келген програмчыны чыгарган жерлер аз болууда. ✅ Демек биз, бул айти клубда чыныгы программисттен талап кылынган жөндөмдөрдү үйрөтүп, билими менен билгенин айкалыштыра алган, 6 айлык тажрыйбасы бар, коркпой туруп АйТи тармагына програмчы катары жумушка кирип кете ала турган кылып даярдап чыгалы деп жатабыз. ✅ Негизи АйТи клуб акысыз болот, бирок мүчөлүк акы катары айына 2 миң сомдон алабыз. ✅ Бул айти клубда азырынча 3 багытта 6 айлык стажировка кылдырабыз. 1. Front End тармагы 2. Back End тармагы 3. Flutter тармагы Аптасына 2 күн оф-лайн офисте, андан тышкары 3 күн он-лайн каалаган жерде берилген тапшырмаларды аткарып, кадимки айти компанияда иштеп жаткандай тажрыйба аласыздар. ❓Бул клуб кимдер үчүн? ✅ Кандайдыр бир АйТи курсту бүтүп, же университетти, колежди бүтүп бирок АйТи жумуш таба албай жүргөндөр үчүн. Учурда айти курстарда окуп жаткан же университеттерде окуп жаткан студенттер дагы катышса болот. ✅ Орундар чектелүү гана, билимин текшерип көрүп, баарлашуу жана тест тапшырма менен гана алынат. ✅ Урматтуу окурманым, урматтуу програмчылар ар күнү өзүбүздү өнүктүрөлү, өлкөбүздүн өнүгүүсүнө салым кошолу. Мыкты адис бололу, эптеп эле иш таап алайын дебей, мени алсаңыз ишиңиз алга жылат деп ишеничтүү айта алган адис бололу. 📌 Суроолоуңуз болсо комментарийге жазыңыз. ✍🏻 Турат Алыбаев, програмчы, агартуучу, Бишкек, 10-сентябрь, 2024-ж.
Show all...

https://www.youtube.com/watch?v=pUAQjzdF5gQ&t=605s&ab_channel=%D0%91%D0%B8%D0%BB%D0%B8%D0%BC%D0%BE%D1%82 Ноутбук тандоо боюнча эң жакшы видео ушул деп ойлойм. Деталдуу жана толук маалымат берилген, бардык ноутбуктарды салыштырган
Show all...
Ноутбук тандоо. Кандай ноутбуктар жакшы?| ЖАҢЫ ҮЙРӨНЧҮКТӨРГӨ КЕНЕШТЕР

Достор, бул видео пайдалуу болгон болсо, лайк басып, ноутбук алам деп жүргөндөр менен бөлүшүп коюуну унутпагыла. Бул тема боюнча башка суроолор болсо комментарийге калтырыңыз. Өзүм ноутбугумду Noutbuk_kg дүкөнүнөн алдым. Быйыл (2021) алар иштебей калды окшойт, инстаграмы да жабылып. Ноутбук издегендер мага телеграмдан жазсаңар болот. Ноутбук саткан дагы башка жакшы тааныштарым бар. Телеграмда @ozbekov деп издеңиз.

❓Биз курстарыбызды эмнеге токтотуп жатабыз?Кыскача жооп айта турган болсом, биз АйТи курс эмеспиз, биз АйТи компаниябыз! 📌 Негизи эле биз башында АйТи компания ачып жатканыбызда, максатыбыз элибизге пайдалуу болгон бир мобилдик колдонмо иштеп чыгуу болгон. 📌 Бирок, тилекке каршы, андай колдонмону иштеп чыгуу үчүн, биринчиден чоң каражат керек экен, экинчиден мыкты билим жана тажрыйба, үчүнчүдөн жакшы команда, анан албетте убакыт керек экен. 📌 Бизде бул саналган нерселердин эч бири жок эле. 📌 Эң башта өзүм окуп билим алдым, жалгыз эле кыйратып колдонмо жасап салам го дегем. 😊 Жалгыз дарак токой болбойт демекчи, жалгыз жарыта албасымды түшүнүп команда топтоону максат кылдым. 📌 Мыкты команда топтоо үчүн деле көп акча керек экен, андай акчам жок болгондуктан, биз ишкерлигибиздин 2-баскычы катары курс ачтык. Курсту деле биз элге окшоп реклама кылып, абдан көп акча табалы деп максат кылган жокпуз. Чындап үйрөнөм, програмчы болом деген дарамети бар тааныштарыбызды гана окуттук. 📌 Азыр бизде сонун команда бар, убакыт бар, Кудай буюрса анча-мынча акчабыз дагы бар, эми 3-баскычка убакыт келип жетти. 📌 Биз эми Кудай буюрса өлкөбүздүн өнүгүүсүнө, мектеп окуучуларынын билимин өз алдынча тереңдетүүгө салым кошо турган сонун платформа иштеп чыгабыз. 📌 Мына ушул себептерден улам курсту жыйынтыктап жатабыз. Акыркы потоктун курсу 2-сентябрда башталат. Балким кийин деле биздин курстарга кызыккан адамдар болсо, жаздырылган гана сабактарыбызды сатышыбыз мүмкүн, атайын курс кылбайбыз. Биз курс эмеспиз, биз АйТи компаниябыз. Урматтуу окурманым, келиңиз ар күнү өзүңүздү өнүктүрүңүз, өлкөнүн өнүгүүсүнө салым кошуңуз. Албетте мен постторумду жазып турам, АйТи ге шыктандыра берем, бирок эми курс кылбайбыз! ✍🏻 Турат Алыбаев, агартуучу, програмчы. Бишкек шаары, 28-август, 2024-жыл. #turatalybaev #тураталыбаев #айтиойлор #айтикурс #мобилдиктиркеме #flutter_kyrgyz #flutter #online_course #программист #онлайн_курс #флаттер #мобилдик_тиркеме #appitcompany #кыргызстан #бишкек #ош #нарын #чүй #талас #баткен #ысык_көл #жалал_абад #токмок #кочкор #germany #hannover
Show all...

👍 1
🥳 Биздин кыйындар! 💪🏻 ✅ Ассалоому алейкум, урматтуу окурманым, биздин кезектеги кыйындарыбыздын бирин тааныштырайын. ✅ Айдай Өмүрбекова – менин 11-классынан берки окуучум. Айдай 11-класс кезинде АйТи тармагына тапшырам, ЖРТдан жакшы балл алышым керек деп ЖРТга даярдыкты катуу кылган. Ал Каракол шаарында, мен Токмок шаарында, экөөбүз таңкы 6 да туруп алып, ЖРТга даярдык кылат элек. 📌 Негизи эле жакшы натыйжага жетүү үчүн, башкалардан көбүрөөк жана туура аракет кылуу керек деп ойлойм. Айдай дагы ошентип аракет кылган. ✅ Ал ЖРТдан өтө эле жакшы балл алган. Алтын сертификатка аз эле балл жетпей калды. Ошонун натыйжасы менен Токмок шаарындагы МУЦА жогорку окуу жайына 100 пайыздык жеңилдик менен АйТи тармагына өтө алды. Жогорку окуу жай окуп жүрүп эле, биздин Флаттер курсубузду дагы кошумча окуп, АйТи тармагынын багытын Флаттер менен алып кетти. ✅ Бир канча компанияда акысыз стажировкаларды кылды, акы төлөнүүчү стажировкаларды кылды. 3-курсунда окуп жүргөнүндө эле Американын “Jafton” деген АйТи компаниясында эмгектенип баштады. ✅ Учурда болсо, биздин компанияда жасалып башталган, азыркы учурда биздин компания менен Мистер Ли досубуздун АйТи компаниясы “Али Софт” АйТи компаниясы улантып жаткан “My Quran” Куран хатым колдонмосунда иштеп жатат. ✅ Урматтуу окурманым, Айдай менен биз сыймыктанабыз, анын кылган аракеттерин, окууга болгон кызыгуусун жакшы билебиз. Жөн эле курска жазылып койсо, же университетке тапшырып койсо эле адам програмчы болуп кете албайт. Же АйТи адиси эле эмес, деги эле бир кесиптин мыкты ээси боло албайт. Бир кесиптин мыктысы болуу үчүн сөзсүз тынымсыз аракет, ар күнү өнүгүү, ар күнү окуу кажет. Өзүңүздү өнүктүрүңүз, өлкөнүн өнүгүүсүнө салым кошуңуз! ✅ Биз менен биргеликте өнүгүү үчүн сөзсүз аракетчил, мээнеткеч, натыйжа чыкканга чейин мотивациясы түгөнүп калбай турган сабырдуу болушуңуз керек. А биз болсо ар дайым сиздин ийгилигиңиз үчүн колубуздан келген жардамды кылууга даярбыз. Келиңиз, ар күнү өзүбүздү өнүктүрөлү, өлкөнүн өнүгүүсүнө салым кошолу! ✍🏻 Турат Алыбаев, агартуучу, програмчы. Бишкек, 23-август, 2024-ж. #turatalybaev #тураталыбаев #айтиойлор #айтикурс #биздинкыйандар #мобилдиктиркеме #flutter_kyrgyz #flutter #online_course #программист #онлайн_курс #флаттер #мобилдик_тиркеме #appitcompany #кыргызстан #бишкек #ош #нарын #чүй #талас #баткен #ысык_көл #жалал_абад #токмок #кочкор #germany #hannover
Show all...

👍 1 1
Choose a Different Plan

Your current plan allows analytics for only 5 channels. To get more, please choose a different plan.