cookie

We use cookies to improve your browsing experience. By clicking «Accept all», you agree to the use of cookies.

avatar

КЫРГЫЗ ТИЛИ 📚 ЖРТ СКУЛ КЛАБ

ЖРТге биз менен даярдан✍🏻📚💪🏻 Айгерим Мусулманкул кызы мугалим

Show more
Advertising posts
3 663
Subscribers
+2124 hours
+1657 days
+31530 days

Data loading in progress...

Subscriber growth rate

Data loading in progress...

Тамак: кубатAnonymous voting
  • А. Гүл:түс
  • Б. Атыр:жыт
  • В. Белек: көңүл
  • Г. Суроо:жооп
0 votes
Кутман күн🙋🏻‍♀️ Тесттен өтүп, өз билимиңди текшер! Билимдүүгө дүйнө-жарык✨
Show all...
8👍 3
ФРАЗЕОЛОГИЯЛЫК создугу.pdf29.61 MB
👍 3
Тырмакча Тырмакча, негизинен, төмөнкү учурларда колдонулат- 1) Тике сөз жалпы тексттен бөлүнбөй, анын ичинде берилсе, тырмакчага адынып жазылат: Эмне үчүндүр башка сөз оозума келбей: «Ой, бул эмнең, балам», — дептирмин. (Ч.А.) 2) Айтылып жаткан ойго тактоо, толуктоо, бышыктоо маанисин берүү максатында сүйлөм тизмегине киргизилген макал, лакаптар тырмакчага алынат. Бирок анын алды-артына төл жана бөтөн сөзгө тиешелүү болгон тыныш белгилери (кош чекит, үтүрлүү сызыкча) коюлбайт. Мисалы: «Коноктун алдына аш кой, эки колун бош кой» деген кеп бар го? (Т.С.) «Душмандын сыртында болгуча, ичинде бол» деген сөздүн чындыгы бар белем. (Т.С.) «Эр жигит эл четинде, жоо бетинде» деген ошол. Эрдик менен курман болуптур. (Н.Б.) Биздин бригаданын коллективи «Бирөө бардыгы үчүн, бардыгы бирөө үчүн» деген ураан астында эмгектенүүдө. («С.К.») Эгерде элдик макалды сүйлөп жаткан киши өзүнүн сөзү катары пайдаланса, тырмакчага алынып, алды - артында төл сөзгө тиешелүү болгон тыныш белгилери (кош чекит, үтүрлүү сызыкча) коюла берет: Амантур: «Ар бир башта бир кыял, ал кыялды ким тыяр»,деди да, акырын ордунан козголду. (А.Уб.) 3) Сүйлөм ичине башка бирөөнүн сөзүнөн бөлүп алып киргизилген айрым сөздөр, сөз айкаштары тырмакчага алынып, кичине тамга менен башталып жазылат, бирок алды-артынан төл сөзгө тиешелүү тыныш белгилери (үтүрлүү сызыкча, кош чекит) коюлбайт: Ошондогу жаштар кээ бирде азыр да мени «бригадир апа» дешет. (Ч.А.) Мен «жаанга калыптыр» дегенди угуп, чыдай албадым. (Н.Б.) Козубектин «куру кайттым» деген сөзү ийне менен сайгандай жүрөктөрүнө такалды. (К.Б.) 4) Чыгарманын ичинде келтирилген бирөөнүн каты тырмакчага алынат: Өзүнүн илимий иштери боюнча Москвада көп убакыт кармаларын жазып, андан нары катында мындай дептир: «...Кымбаттуу иним, канчалык зарыл жумуштарым болбосун, бардыгын жыйнаштырып таштап, мен ушул катты жазууну туура таптым... Эгерде ушунда айтылгандар сизди кызыктырса, анда өз чыгармачылыгы ңызга пайдаланууну суранам, анткени бул мен үчүн гана эмес, биздин жалпы ишке, көпчүлүккө, өзгөчө жаштар үчүн керек го деп эсептеймин...» (Ч.А.) 5) Өзүнүн түз маанисинде эмес, каймана мааниде же какшык, мыскыл маанисинде колдонулган сөздөр тырмакчага алынат: Бүтүмгө келишкен «жакшыларды» Саадат бээ союп коноктоду. (Т.С.) Чортонду Баатырбек баш болгон бир катар «мыктылар» жек көрүшчү. (Т.С.) 6) Завод, фабрика, ишканалардын, китеп, газета, журналдардын, ыр, күүлөрдүн, орден, медалдардын ж.б. аттары тырмакчага алынат: «Айнур» заводу, «Тоо арасында» романы, «Кыргыз туусу» газетасы; «Маш ботой», «Көкөй кести» күүлөрү аткарылды; «Манас» ордени, «Даңк» медалы ж.б. А. Турсунов. Кыргыз тилинин тыныш белгилери
Show all...
11👍 9❤‍🔥 2
Photo unavailableShow in Telegram
Эгемендик майрамы менен куттуктайм💯🇰🇬🇰🇬🇰🇬Эркин, келечектүү мамлекетте чың ден соолукта талыкпай эмгектенип, бакубат жашоого жетели, ылайым🤲🏻 ЖРТге даярдыкты баштайлы👍🏻 Билимдүүгө дүйнө жарык✨
Show all...
❤‍🔥 33 13👍 8💯 1
Кары мерген ... ( Нарк куржундан ) Көңүлдөн аруу кетип, колдон каруу кетип,көздүн огу мокоп, убагында : -- аркар атып айылды баккан,сексен асыйдан ашкан Тоотай мерген, улак шыйрак сай мылтыгын таяна, небересин жетелеп кайкыга буктурлады.Дыбыраган жамгырдан кийин жалган түш оогондо,бадалдан чыга калган эликти атты.Ок айныды...ойт берген элик бадалга кире качты. Окту таап келейин Чоң ата!, кайра аталы деп тура чуркаган небересин этектен кармап токтотту да : -- АТЫЛГАН ОКТУ, -- АЙТЫЛГАН СӨЗДҮ, -- ӨЧКӨН КӨМҮРДҮ, -- ӨТКӨН ӨМҮРДҮ кайтарууга болбойт балам, КАЙМАГЫНА КАШЫК САЙСА ЖЫГЫЛБАГАН актыгы да бар, БАРМАГЫНЫН БАШЫН САЛСА аштыгы да бар, бешигинен баштап белесине чейин төгүлүп турган берекесинен Жаратканым насип этсин... Небересин маңдайынан сүйдү. Балта саптагандай баптап,бала уктаткандай таптап, наркы менен батасын кошуп сүйлөгөн, сөз дегенде аттан түшкөн Айкөлдүн эли экенибиз сыймыка бөлөйт.
Show all...
Үч Үсөн, бир мүшөк... / Нарк куржундан / (Олжобай,Чоңчарыктан тараган ,саяктардан) Үсөн уруусунун ар кайсы курактагы үч атчаны, орто жазда жол уулап бастырып келатышып, бурулушта алакан ачты буулган мүшөктү таап алышат. Ачса толтура алтын, күмүш , зер буюм тайымдары экен. Кичүүсү шыр эле үчкө бөлүп алалы, -- деди. Көрүп турган жан жок, ошентели , -- деди ортончусу. Экөөнү теше тиктеген улуусу: -- Уялбай кантип эчким КӨРБӨЙТ дейсиңер ?! Жыгылсаң да,чалынсаң да таяп, Ар бир өткөн күнүңдү санап, ҮСТҮҢДӨН кудай көрүп турбайбы?! Кереги тийген,кереге жыйган, башында түгү,жүзүндө сүрү бар, бел бууган бектердин бири болсо экен деп,СЫРТЫҢДАН эл көрүп турбайбы?! Кеменгер элди уютуп нарк сактаган, келиндери кебелбей ок аттаган, ИЧИҢДЕН абийириң көрүп турбайбы, -- дегенде, таш жарган сөзгө, талдай ийилип терикпей жүгүнүп,мүшөктү таштап,аттарына ыргып миништи. ОТТУН ысыгын, суунун тазалыгын, таштын катуулугун,шамалдын күчүн, ызгаардын үшүн алып жүрүүчү,миң кырлуу,бир сырлуу шайык элбиз ! Улутту көтөрөлү.
Show all...
ЖРТ кимде канча балл ?Anonymous voting
  • 110-130🚵‍♀️
  • 140-160🏅
  • 170-190🎖️
  • 200-220🥇
  • Алтын🏆
0 votes
1
Жеки Чандын кептеринен: 👊🏼 Бул жашоого келген ар бир адам мугалим! Кимдир бирөө бизди күчтүү болууга, кимдир бирөө акылдуу болууга, бирөөсү кечиримдүүлүккө, дагы бири болсо бактылуу болууга жана бирөөсү күн сайын ырахат алууга үйрөтөт. Арабызда эч нерсе үйрөтпөстөн кайра көңүл сындыргандар да бар. Бирок биз ошолордон дагы тажрыйба топтойбуз. 👊🏼 Эгер ийгиликке жетүүнү кааласаң, алты жамандыктан сактан: уйкучулук, жалкоолук, коркуу, ачуулануу, бекерчилик жана чечкинсиздик. 👊🏼 Мен дүйнөдөгү эң атактуу дарыгер боло алмакмын. Бирок мен дүйнөдөгү эң атактуу бейтап болуп калдым. 👊🏼 Ийгиликке жетүүнүн эң жакшы жолу - бул өз жумушуңду берилип сүйүп жасоо. 👊🏼 "Эч качан болбойт” дегендерге эч качан ишенбе. Алар ийгиликсиз жана ошол бойдон кала беришет. 👊🏼 Трюктарды аткара албаган күн, менин акыркы жумуш күнүм болот. 👊🏼 Чындыгында корко турган нерсе, бул коркунучтун өзү. 👊🏼 Кимдир бирөө мени, "эч нерсе кылалбайт" деген сөзүнөн өткөн ийгиликке жетелечү эч нерсе жок. 👊🏼 Турмуш бизди жолубуздан чалып жыгат. Бирок кайра турабызбы же турбайбызбы аны өзүбүз тандайбыз. 👊🏼 Мен эч качан кийинки Брюс Ли болгум келген эмес. Мен биринчи Жеки Чан болгум келди. 👊🏼 Бийиктиктен секирүү үчүн, бийиктикке чыгуу керек. Которгон Жеңишбек Жумакадыр
Show all...
👍 15
😭 37😍 18👍 14 6 4
Choose a Different Plan

Your current plan allows analytics for only 5 channels. To get more, please choose a different plan.