cookie

We use cookies to improve your browsing experience. By clicking «Accept all», you agree to the use of cookies.

avatar

Дене тарбия жана спорт департаменти

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Дене тарбия жана спорт департаментинин расмий каналы

Show more
Advertising posts
12 615
Subscribers
-2524 hours
-1747 days
-87830 days

Data loading in progress...

Subscriber growth rate

Data loading in progress...

😁 1
Кармашып урушуу боюнча курама команда Азия чемпионатында байгелүү орундарга ээ болду Кыргыз Республикасынын кармашып урушуу боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Бишкек шаарында өткөн Азия чемпионатында жалпы 9 медаль (1 алтын, 2 күмүш, 6 коло) жеңип алышты. Мелдеш 13-14-сентябрь күндөрү өтүп, ага Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Индия, Монголия, Иран, Пакистан, Таиланд, Ооганстан, Түштүк Корея, Жапония, Ливан, Кытай, Непал жана Сириянын спортчулары катышты. Кыз-келиндер арасында 58 кг салмакта Бактыгүл Курманбекова алтын медалга ээ болду. Ал эми эркектер арасында Автандил Жоомарт уулу (57 кг) жана Токтосун Бегматов (73 кг) күмүш медаль тагынышты. Айтегин Рустам уулу (57 кг), Бектурсун Махмуд уулу (73 кг), Актан Боомбеков, Бекжан Мукашев (88 кг), Сыймык Көчкөнбаев (97 кг) жана Азиреткул Туйчиев (+97 кг) коло медалдарга ээ болушту. Курама команда башкы машыктыруучу Шамурат Байзаков жана улук машыктыруучу Урмат Токтоналиевдин жетекчилиги астында мелдешке катышты.
Show all...
👍 3
Грек-рим күрөшү боюнча курама команда Казакстанда өткөн Эл аралык мелдеште 9 медаль жеңди Кыргыз Республикасынын грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Казакстан Республикасынын Атырау шаарында өтүп жаткан “Oil Capital Cup 2024” Эл аралык мелдешинде жалпы 9 медаль (2 алтын, 3 күмүш, 4 коло) жеңишти. Акыл Сулайманов (60 кг) жана Раззак Бейшекеев (67 кг) Эл аралык мелдештин жеңүүчүлөрү болушту. Адилхан Нурланбеков (72 кг), Нурманбет Райымалы уулу (97 кг) жана Эрлан Манатбаев (130 кг) 2-орунду ээлешти. Ал эми Нурмухаммед Абдуллаев (60 кг), Ырыскелди Хамзаев (72 кг), Ырыскелди Максатбек уулу (77 кг) жана Мелис Айтбеков (97 кг) коло медалга ээ болушту. Курама команда улук машыктыруучулар Арсен Эралиев жана Улукбек Карачолоковдун жетекчилиги алдында мелдешке катышты.
Show all...
👍 4
Бокс курама команда окуу машыгуу жыйынын өткөрүүдө Кыргыз Республикасынын бокс боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Эл аралык мелдештерге даярдык көрүү максатында Чолпон-Ата шаарында (Ысык-Көл облусу) окуу машыгуу жыйынын өткөрүүдө. 7-сентябрь күнү башталган окуу машыгуу жыйыны 24-сентябрь күнү жыйынтыкталат. Курама командасынын тизмеси: 48 кг: Анвар Ходжиев; 51 кг: Бекзат Эргешов; 54 кг: Нуржигит Дуйшебаев; 57 кг: Ислам Төрөбаев, Санжай Сейдакматов; 60 кг: Тургунбек Иманкадыров, Рысбек Бектенов; 63.5 кг: Умар Ливаза, Мирзохид Имамназаров; 67 кг: Алмаз Орозбеков, Ихтиёр Нишанов; 71 кг: Сыргак Сырттан уулу, Эльзар Турдубаев; 75 кг: Даниэль Абдрахманов; 80 кг: Сагын Сатыбалды уулу, Атай Асанбек уулу; 92 кг: Бакыт Токтосун уулу; Башкы машыктыруучу: Данияр Төлөгөн уулу; Машыктыруучулар: Темирлан Осмонов, Бейшен Сатаров. Окуу машыгуу жыйыны Дене тарбия жана спорт департаментинин алдындагы Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын 2024-жылга алынган календардык планына ылайык өткөрүлүүдө.
Show all...
👍 1
XXIII Эл аралык Ысык-Көл оюндары: Дартс боюнча мелдештин жыйынтыгы XXIII Эл аралык Ысык-Көл оюндарынын алкагында дартс боюнча мелдештер болуп өттү. Женүүчүлөргө тиешелүү даражадагы диплом жана медалдар тапшырылды. Эркектер арасында: 1-орун Алексей Аликов; 2-орун Бакай Токтосун уулу; 3-орун Нурбек Кадыркулов. Кыз-келиндер арасында: 1-орун Алина Муканова; 2-орун Елизавета Савельева; 3-орун Ясмин Айсарова.
Show all...
👍 1
XXIII Эл аралык Ысык-Көл оюндары: Кум үстүндөгү футбол боюнча мелдештин жыйынтыгы XXIII Эл аралык Ысык-Көл оюндарынын алкагында кум үстүндөгү футбол боюнча мелдештер болуп өттү. Женүүчүлөргө тиешелүү даражадагы диплом жана медалдар тапшырылды. 35 жашка чейин: 1-орун ГП КАН; 2-орун Тосор; 3-орун Илмар. 35 жаштан жогору: 1-орун ГП КАН; 2-орун ОАО МАМ; 3-орун Кемин-Орловка.
Show all...
👍 1
Choose a Different Plan

Your current plan allows analytics for only 5 channels. To get more, please choose a different plan.